Электронная запись в 1 класс на 2022-2023 учебный год
Көңүл буруңуздар!
2022-жылдан тартып 6-7 жаштагы балдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мектептерине биринчи класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап: катталган жери боюнча-11- апрелден саат 9:00дөн баштап 27-июнга саат 9:00гө чейин;
Экинчи этап: жашаган жери боюнча-27-июндан саат 9:00дөн баштап 10-сентябрга саат 9:00гө чейин.
Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкү документтерди алдын ала даярдап коюшу зарыл:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- эки электрондук почта (негизги жана кошумча);
- ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери.
Эгерде жеке идентификациялык номери жок болсо, бул учурда Калкты тейлөө борборунуна кайрылуу зарыл.
Кошумча маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алсыңыздар болот:
Кыска номер-119
0312 988 940
0220 022 196
Комментарии