“Жомоктор дүйнөсү”
№ 64 МГ 3- класстар арасында « Жомоктор дүйнөсүндө» темасында конкурс болуп өттү.
Балдар ата-энелер менен бирге китеп окушуп, маанисин түшүнүшүп жана ролдоштуруп аткарып беришти.
Балдар жомок аркылуу ынтымакка, достукка, биримдикке спектаклдештирилген оюн аркылуу тарбия алышты.
Бул иш чара ата-эне, бала, мугалим ортосундагы кайтарым байланышты күчөтүү максатында өтүлдү.
Конкурсту өткөрүүдө 3- класстардын окуучулары арасында, өзүлөрү тандаган жомокторду ролдоштуруп аткарышып, таланттарын көрсөтүштү. Бул иш чара башталгыч класстын балдарын тарбиялоодо жакшы маанайда болуп өттү. конкурстун жеңүүчүлөрү
Конкурска 3-а, 3-б, 3-д, 3-е, 3-ж, 3-з, 3-к класстар катышып, орундарга ээ болушту. Мектеп грамотасы менен сыйланды.
Комментарии